www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Камчыбек Ташиевге таандык Land Cruiser 300 кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, окуянын чоо-жайын тактоо учурунда Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу “Манас” аэропортунан Бишкекке келе жатканы белгилүү болду. Трассада Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаарынын тургунунун скутерин жөөлөп кеткен.

Окуянын катышуучулары бул жол кырсыгын тынчтык жолу менен чечишти.

Белгиленгендей, жабыркагандар болгон жок. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутердин айдоочусунун абалы канааттандырарлык, бир аз жеңил жаракаттар ​​бар. Ошол эле учурда скутердин айдоочусу өзү буга чейин социалдык тармакта Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна дооматы жок экенин билдирди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта Камчыбек Ташиевге таандык Land Cruiser 300 кызматтык унаасы каршы тилкеге чыгып, скутерчен кишини сүзүп кеткени айтылган. Окуянын видеосу коомчулукта катуу талкуу жаратып, Land Cruiser 300 кызматтык унаасы буга чейин да жол эрежесин бузугандыгы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости