www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмыштуулукка каршы иш козгоп жаткан Каржы полиция миллиондогон сомдорду бюджетке түшүрүп жатат. Арийне, элдин тагдыры менен ойногон кээ бир жетекчилер көз жаздымда калып жатат.  Кээ бир адамдар мурдуна бок сүйкөп койгондой бактылуу келишет. Ким бийликке келсе да ыңгайын таап жакындашып, “хамалекончо” терисин тескери кийе калышат. Ошонун бири Гүлмира Баитова.  2010-жылы спецполиклиниканы тажырыйбалуу адис Марат Акимов жетектеген. 7-апрелдеги кан аккан каргашалуу күнү Атамбаев тарапка пикири түз болбосо да, Гиппократтын антын сактап кан жуткан жигиттер үчүн тикесинен-тике турган. Атамбаевге массаж жасап берип жүргөн Гүлмира Баитова Раиса Атамбаева менен “подружка” боло калып анын ордун алган. Энеси өзбек болгондуктан Гүлмира Баитова анча-мынча кыргыздын үрп-адаттарына көз жуумп, татар кызы Раиса Атамбаевга жагалданып жүрүп спецполиклиниканы жетектеп калат. Мансабынын кызыкчылыгы үчүн ал кыргыздын мекенчил жигити Камчы Ташиевге жалаа жаап, ал ага каршы атылган октон запкы жегенин билсе да, тосмодон секирем деп жатып, алаасын айрытып алган деген, Атамбаевге куп жаккан ушак чыгарып “үй- бүлөгө” абдан жакындап, Атамбаевдин эң ишенимдүу адамына айланган. Ал койондой коркок, койон жүрөк Койоналиевди башка чаап айдап алат. Арашандык Туруспек Койоналиев айылдашы болгондуктан гана президенттин Иш башкармачылыгын жетектей турган, ошондуктан Марат Акимовду кодулап жүрүп кетирип, ордуна спецполиклиникага жетекчи кылып Гүлмира Баитованы койот.

Атамбаевдин ирбити түгөнгөн соң Гүлмира Баитова Жээнбековдук бийликтин ичи койнуна кирип спецполиклиникада кала берет. Пандемия убагында өзунө жакпаган 240 кишини акча төлөнбөгөн “отпускеге” айдап, өзуно жаккан, тааныш-тунуштарын алып калып айлыктарын 150 миңге чейин көтөргөн. Ал эми өзү канча акча аларын бир өзү, бир Каржы полициясы билбесе, ким билет? 240 шордуу дарыгерди спецполиклиникадан кетирип, көп бөлүмдөр жабылып калган, ошондон улам пандемия убагында спецполиклиникага кайрылган төкмө акыныбыз Элмирбек Иманалиевке орун жок, талантуу жигитибиз бул дүйнө менен кош айтышып кетти.

Гүлмира Баитова тараканга таланып эле эл катары жөн-жай үйдө турчу. Атамбаевдин “үй-бүлөсү” менен жакындашкан соң 300 миң долларлык эң кооз турак-жайдын ээси болду, Жалга да хансарай салдырат.  Раиса Атамбаева аркылуу Атамбаевди көндүрүп Саламаттыкты сактоо министри болуп, документтерин топтоп жатканда Атамбаевди бийликтен ажыратып коюшту. Болбосо, ушундай Атамбаевге массаж жасап жүргөндөр министр болушмак. Эмне экен шопур деле мамлекет башкарып, жансакчысы министр болбодубу. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин“мыйзамсыз байуу” деген 308-1 беренеси бар. Жооптуу кызматты ээлеп турган адамдар 6-8 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискация кылынат деп бакыйта жазылып турат. 20-30 миң сом айлыгы менен 300 миң долларлык үйдү кантип алды?  Хансарайды кантип салдырды?

Спецполиклиникада дарыканалар тармагы бар дейт, бул жерде өзүнчө эле Гүлмира Баитованын “үй-бүлөлүк мафиясына” айланып кетиптир. Дарыланууга келген адамдардан ушул дарыканалардан гана соода кыласыңар дешип зордукташат. Бул дарыканаларды Гүлмира Баитованын бир туугандары, жакындары ээлеп алган, булардын ким экенин тактап, сыдыргыдан өткөзө турган учур келди?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости