www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы «Malva Tour» туроператору менен биргеликте Ташкент – Тамчы («Ысык-Көл» эл аралык аэропорту) багыты боюнча сезондук түз аба каттамын ишке киргизди.

Жаңы каттам 2026-жылдын 15-июлунан тарта башталып, жумасына бир жолу — ар шаршемби күнү аткарылат.

Каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтик агымды көбөйтүүгө, Ысык-Көлгө келген туристтердин санын арттырууга жана эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.

Ташкенттен Тамчыга учуу убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Бул жүргүнчүлөргө транзитсиз жана ыңгайлуу сапар тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле «Malva Tour» компаниясы Ысык-Көлдө эс алууну каалагандар үчүн мейманкана жана экскурсияларды камтыган атайын туристтик пакеттерди сунуштоодо.

Авиабилеттер аталган туроператор аркылуу сатылат.

Последние новости