www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-июндан тарта Ташкент — Ысык-Көл багыты боюнча каттамдар аткарыла баштайт. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар Өзбекстандын Silk Avia авиакомпаниясы тарабынан ATR 72-600 учагы менен аткарылат.

Ташкенттен Ысык-Көлгө учуу эки саатка созулат. Учуулар жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылмакчы. Келечекте каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда.

«Манас» аэропорту аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 5-августунда Silk Avia авиакомпаниясы биринчи жолу 56 жүргүнчү менен техникалык каттам аткарып, учак салтанаттуу түрдө суу аркасы менен тосуп алынган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости