www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан Ташкентке коронавируска каршы 5000 вакцина жеткирилди. Бул тууралуу 7-ноябрда инновациялык өнүгүү министри Иброхим Абдурахманов билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта вакцина үчүн ыктыярчылар изделип жатат.

Министрдин айтымында, кытай вакцинасын сыноо борбор калаанын үй-бүлөлүк бейтапканаларда гана жүргүзүлөт. Эмдөөдөн өтүүнү каалагандар Ташкентке келиши керек болот.

Вакцинаны сыноо төрт айга созулары пландалууда. Күн мурун Ташкентке Кытайдан төрт адис келди, дагы беш киши келери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, вакцина 18 жана андан жогорку жаштагыларга сыналат, ыктыярчыларга акча төлөнүп берилет.

Өзбекстанда вакцина клиникалык сыноолордун бардык айлампаларынан ийгиликтүү өтсө, өлкө бул препаратты биринчилерден болуп арзан баада сатып алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости