www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиялык The Economist басылмасы Өзбекстандын Ташкент жана Казакстандын Алматы калааларын дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын бешилтигине киргизди.
Белгилей кетсек, 2020-жылдагы шаарлардын жашоо деңгээлин Economist Intelligence Unit иликтеген. Анда дүйнөдөгү 130 шаарда азык-түлүктүн жана кызмат көрсөтүүнүн 138 түрү боюнча салыштыруу жүргүзүлгөн. Нью-Йорк эталон катары эсептелген – ал жакта жашоо деңгээли жүз баллга бааланган. Калган шаарларга жашоонун кымбат же арзандыгына карата жогорку же төмөн баллдар ыйгарылган.
Иликтөөнүн авторлору Дамаск (Сирия), Ташкент (Өзбекстан), Лусака (Замбия), Каракас (Венесуэла) жана Алматыны (Казакстан) эң арзан беш шаардын катарына кошкон.
Буга кошо Цюрих (Швейцария), Париж (Франция), Гонконг (Китай), Сингапур жана Тель-Авив (Израиль) дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын бешилтигин толуктаган.
Булак: NazarNews.kg