www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын баш калаасында тартип коргоо органдарынын биргелешкен операциясынын жүрүшүндө "Тавхид ва жихад катибати" террордук уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ташкен шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө, атайын операция качан жүргүзүлгөнү так айтылган эмес.

Маалыматка караганда, кармалган адамдар Ташкенде жамааттык акцияларды өткөрүүнү жана Сириядагы террордук топтордун катарына кошулууну пландаган.

"Кармалган 30га жакын кишинин аталган уюмдун тарапташы экени аныкталды. Алардын бир бөлүгү Анжиян, Сурхандарыя жана Кашкадарыя облустарынан иштегени келишкен", — деп жазылган ШИИБдин билдирүүсүндө.

Мекемеден Кылмыш кодексинин тиешелүү беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

"Тавхид ва жихад катибати" Өзбекстанда тыюу салынган уюмдардын катарына киргизилип, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости