www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент шаарынын тургундары үчүн ысык суу жана жылуулук үчүн тарифтер жогорулайт. Бул тууралуу баш калаанын жылуулук системасын башкарган Veolia Energy компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тарифтер 2023-2024-жылкы жылуулук берүү мезгили аяктагандан кийин 15% жогорулайт. Тиешелүү чечимди Ташкент шаардык кеңешинин депутаттары кабыл алды.

Компаниянын билдирүүсүндө тарифтерди жогорулатуу – электр энергиясынын, газдын, таза суунун, канализациянын жана жылуулук өндүргөн ишканалар үчүн сатылып алына турган жылуулук энергиясынын кымбаттагына байланыштуу экени жазылган.

Шаардагы юридикалык жактар менен бюджеттик мекемелер үчүн тарифтер өзгөрүүсүз калат. Былтыр декабрдын башында ысык суу жана жылуулук берүү тарифтери юридикалык жактар үчүн 1,5, бюджеттик мекемелер үчүн 1,6 эсеге жогорулаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости