www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-январь күнү түштө Ташкент облусундагы Жаңы-Ангрен жылуулук электростанциясынын профилактикалык иштер үчүн токтотулган 5-энергоблогунда жарылуу болду.

Өзбекстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, окуядан үч киши өлүп, дагы үчөө ар түрдүү деңгээлде жаракат алды. Алар 5-энергоблокто профилактикалык иштерди аткарып жаткан кызмат көрсөтүүчү ишкананын жумушчулары болгону айтылды.

ӨКМ өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн министрликтин атайын күчтөрү жана каражаттары тартылганын билдирди. Жарылуунун себептери иликтенүүдө.

Кырсык учурунда Жаңы Ангрен ЖЭБинин инфраструктурасы жана техникалык жабдуулары жабыркаган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости