www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окуучуларга жаш курагына жараша түрдүү калпак кийгизүү талабын киргизүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билим берүү жана илим министрлигине талапкер Алмазбек Бейшеналиевге сунуштады.
"Биринчи класстарга комуз предметин, мектептерге Манас идеологиясын киргизүү керек. Мындан сырткары, башталгыч класстарга бир түстөгү, андан кийинкилерге дагы бир түрлүү, чоң класстарга өзүнчө түстүү калпак кийгизүүнү сунуштайм. Себеби ар бир мектепте форма талап кылынат. Ак калпагыбызды даңазалоо, ата-бабалардан калган салттуу кийимдерди мектепке киргизүүнү VI чакырылыштан бери көтөрүп келе жатам", - деди эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg