www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов ЕАЭБдеги көйгөй катары кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу машинелердин тыгынын айтып чыкты.

Буга байланыштуу эл өкүлү аларды Жогорку Кеңешке чакырып кызмат ордун кароону сунуштады.

«Жүздөй машине чек арадан өтө албай турат. 200 миңден 300 миңге чейин айлык алып, бир маселени көтөргөнгө жарабаган адамдарды чакырып, жумуш ордун карайлы. Ишти билген адамдарды жөнөтөлү. Март айында ушуну карайлы», - деди депутат.

Евразия экономикалык комиссиясында (ЕАЭК) Кыргызстандын атынан отурган министрлер өлкө кызыкчылыгында маселе көтөрбөй жатканын сындады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости