www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын бийлиги менен дин ишмерлери аялдар жумушка жана бош убактысында кандай кийиниши керектиги боюнча жаңы эрежелерди иштеп чыгууда. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Акыркы алты жылдан берки экинчи дресс-код жакынкы күндөрү жарыяланат деп күтүлүүдө. Маалыматка караганда, буга байланыштуу Душанбеде атайын иш-чара уюштурулуп, анда жаңы эрежеге ылайык келе турган кийимдер көрсөтүлөт.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитетинин башчысы Сулаймон Давлатзоданын айтымында, биргелешкен жумушчу топ улуттук баалуулуктар менен каада-салттарга ылайык келген кийимдерди бекитүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Июлдун аягында Тажикстандын Уламалар кеңеши кыз-келиндерди кара, чыпташкан жана тор кийимдерди кийбөөгө чакырган фатва чыгарган.

Фатвада чыпташкан жана тор кийимдер "дененин айрым бөлүктөрүнө басым жасай турганы", ханафи мазхабында кара кийим "милдеттүү эмес экени" жана ал Тажикстандын улуттук өзгөчөлүктөрү менен географиялык шартына "туура келбей турганы" белгиленген.

Быйыл июнда күчүнө кирген "Салттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, Тажикстанда улуттук маданиятка төп келбеген кийимдерди алып кирүүгө, сатууга жана коомдук жайларда кийүүгө тыюу салынат.

Мыйзамда "жат кийимдерге" кандай кийимдер кирери так жазылган эмес. Бирок талдоочулар тажик бийлигинин буга чейинки аракеттерин эске алып, кеп мусулмандардын кийими жөнүндө болуп жатышы мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.

Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Тажикстанда 2007-жылдан бери мектептерде, университеттерде жана жумушта ислам жоолуктарын салынууга тыюу салынган. Мындан тышкары бийлик узун жана коюу сакал коюп жүргөн жарандарды кармап, сакалдарын алууга мажбурлап келет.

Последние новости