www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума өлкө тургундарынын үйлөрүнө электр энергиясы эмне үчүн чектөө менен берилип жатканын түшүндүрдү.
“Экономиканын өнүгүү ыргагы менен (былтыр 8,3%) кошо электр энергиясына болгон суроо-талап өстү”, - деп билдирди министр 1-февралда өткөн маалымат жыйынында.
Бирок суроо-талап канчалык көбөйгөнүн фактылар менен далилдеген жок. Тажикстандын экономикасы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен эң төмөн болуп эсептелинет жана көптөгөн тургундар миграциянын эсебинен жашашат.
Мурдагы жылдары “Барки Точик” энергохолдинги электр энергиясын чектөөнү суу сактагычтардагы суунун аздыгына же ремонт иштерине байланыштырып келген.
Күзүндө өлкөнүн бир катар аймактарында электр энергиясына кайрадан лимит киргизилген. Ага карабай бир ай мурун Тажикстан талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү келишимин узартууга макул болгон.
2023-жылы 27-декабрда Ооганстандын "Брешна" компаниясы X (мурдагы Twitter) социалдык тармагында маалымдагандай, тараптар ортосундагы келишимге Түркияда кол коюлган. Келишимдин чоо-жайы айтылган эмес, Тажикстан кошуна өлкөгө электр энергиясын канча көлөмдө жана кандай баада берери белгисиз.
Ал арада "Азия-Плюс" Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына таянып, Тажикстан 2023-жылдын ноябрь айында 1,9 миллион доллардан ашык суммага электр энергиясын экспорттогонун кабарлады.
Булак: NazarNews.kg