www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар чек арадан аскердик техникаларын алып чыгып кетти. Учурда такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди салынган курулуштар бузулуп баштады", -деп билдирди жеринен Адылбек Акматов.
Тажикстандын Гафур районунун Овчи Калача калктуу конушунун башчысынын орун басары Абдухамид Одинаев «Азаттыктын» тажик кызматына сүйлөшүүлөр 19-сентябрь күнү кечке жуук аяктаганын билдирген эле.
Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү дагы «Настоящее время» телеканалына чек ара линиясынан аскердик күчтөр чыгарылганын маалымдады.
Бул 17-18-сентябрда эки өлкөнүн премьер-министрлеринин деңгээлинде өткөн сүйлөшүүнүн негизги шарттарынын бири болгон. Мындан тышкары кыргыз тарап байкоо салган мунараны алууну, тажик тарап курулуш ишин токтотууну макулдашкан.
19-сентябрда Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, андан кийинки эки тараптуу сүйлөшүүлөр боюнча өкмөттүн маалыматын жабык талкуулаган.
Шаршеевдин айтымында, эки тарап ынтымакты бекемдөө боюнча массалык спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча токтомго кол коюшту.
Эске сала кетсек, 16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган.
Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.
Булак: NazarNews.kg