www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-сентябрь саат 06:00дө Баткен районунун Эки-Таш участкасына Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 4 аскер кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 8:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат.
Баткен районунун кооптуу айылдарындада жашаган тургундарын эвакуациялоо иштери башталды.
Учурда облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч структуралары менен биргеликте чек арада иш алып барууда. Ал эми жалпы кырдаалды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда.
Булак: NazarNews.kg