www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик компаниялары Орусиядан мунай продуктуларын (88,2%га) рубл менен ташып келишет. Бул тууралуу «Азия-Плюс» агенттигине Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 5 айында министрлик ар кайсы өлкөлөрдөн жалпы көлөмү 480 миң 162 тонна күйүүчү-майлоочу майдын импортун каттады, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 65 миң 500 тоннага көп.

Мындан тышкары, январь-июнь айларында 183 миң тоннадан ашык суюлтулган газ импорттолсо, жалпы көлөмдүн 87% жакыны Казакстандан АКШ долларына сатылып алынган. Суюлтулган газ рыногунда Орусиянын үлүшү болгону 0,4%ды түзөт.

Республиканын Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин Мунай жана газды өндүрүү, кайра иштетүү жана камсыздоо департаменти өкмөттүн тапшырмасына ылайык, импорттоочу компаниялар Орусиядан мунай жана газ продуктуларын орус рублине эркин сатып/сата ала тургандыгын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости