www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы 275 миллион 753 миң 195 сомго бааланган жер участогун мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, прокурордук текшерүү учурунда 2010-жылы шаар мэриясынын токтому менен Майлуу-Суу лампа заводуна мыйзамсыз негизде 30 460,0 чарчы метрлик жер аянты берилип кеткени аныкталган.

Мамлекетке жерди кайтаруу максатында шаар прокуратурасы сотко арыз менен кайрылып, натыйжада сот арызды канааттандырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости