www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчы Садыр Жапаров сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуттук телеканалга берген маегинде билдирди.

“Өзүңүздөр билгендей былтыр президентибиз БУУнун сессиясына видео байланыш аркылуу катышып тоолорду сактоо боюнча демилге көтөрүп, резолюция кабыл алынган. Быйыл жаратылышты коргоо боюнча 5 жылдык программаны сунуштап жатабыз. Аны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында айтабыз жана 2022-23-жылдары кабыл алдырганга аракет кылабыз”,- деген Кулубаев.

Ошондой эле Нью-Йоркко боло турган сапардын алкагында башка мамлекеттердин президенттери жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров президент катары Улуттар Уюмунун жыйынына алгачкы жолу барат. Былтыр ал БУУнун сессиясына видео байланыш аркылуу катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости