www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналисттер Тажикстандын бюджетине унааларды утилизациялоо үчүн төлөм же салыктан дээрлик 1 миллиард сомони түшөрүн эсептеп чыгышты.

Cabar.asia аналитикалык порталы өз репортажында 2023-жылдын апрелине карата Тажикстанда 577 миңден ашык унаа катталганын жазган. Басылманын маалыматына ылайык, эгер бул унаалардан төлөм алынса, өлкө бюджетине болжол менен 1 миллиард сомони (91 миллион доллар) түшүшү керек

Бул сумма бюджеттин бардык кирешелеринин болжол менен 2,3% түзөт.

Былтыр декабрда парламент депутаттары транспорт каражатын утилизациялоо үчүн милдеттүү төлөм киргизүүнү камтыган мыйзамды кабыл алган.

Салыктын суммасы мотоциклдерге 360 сомони, жеңил унааларга 1584 сомони, жүк ташуучу жана атайын техникаларга 2880 сомонини түздү. Бул бир жолку төлөм болуп эсептелет.

Айдоочулардын жана унаа ээлеринин айтымында, бул салык көпчүлүк үчүн өтө эле жогору. Тажик эксперти Нур Сафаров бул төлөмдөн мурун утилизациянын жол-жобосун иштеп чыгуу керек деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости