www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан чек арага курулуш баштоо менен эл аралык тажрыйбаларды бузду. Вице-спикер Мирлан Бакировдун мындай пикирин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы таратты. 
Анда айтылгандай, Мирлан Бакиров баштаган депутаттык топ Баткен жергесине барып, окуяны жеринде көрүп, жергиликтүүлөр менен баарлашып келишкен. 
“Эл аралык тажрыйбага ылайык, талаштуу, такталбаган мамлекеттик чек ара тилкелери өзгөчө макамга ээ. Андай тилкелерге социалдык жана башка мекемелердин курулушун жүргүзүүгө болбойт”, –деп билдирген Мирлан Бакиров.   
Мындай маселеге чекит коюу үчүн, башкысы мамлекеттик чек аралардын делимитация жана демаркация маселелерин чечүүнү тездетүү зарылдыгын айтат депутат. Ал өз сөзүндө бардык бийлик органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруусу керектигин кошумчалаган.
Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости