www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Ирандан аскердик учкучсуз учактарды сатып алууну пландап жатканын Sputnik Тажикстан жана Tasnim News сайтына шилтеме берүү менен eadaily.com билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, мындай билдирүүнү Ислам революциясынын сакчылар корпусунун мурдагы командачысы жана Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменеинин башкы аскерий жардамчысы, генерал-майор Яхья Рахим Сафави жасады.

Генерал Ирандан жасалган аскерий учкучсуз учактарды сатып алууга расмий арыз берген 22 мамлекеттин тизмесин атады.

"Ирандык учкучсуз учактарды сатып алууга азыркы талапкер өлкөлөр Армения, Тажикстан, Сербия, Алжир, Венесуэла жана башка өлкөлөр", - деди Сафави.

Бирок, тажик бийлиги бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Ошол эле учурда Тажикстанда ирандык Абабил-2 учкучсуз учуучу аппараттарын чыгаруучу ишкана ачылды. Мүнөздөмөлөрү боюнча, алардын крейсердик ылдамдыгы саатына 220 км, практикалык диапазону 200 км. Дрондун бийиктиги 1 метр, салмагы - 125 кг. Бардык аппараттар GPS навигация системасы менен жабдылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости