www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстан Иранга 3610 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу 18-март, шаршемби күнү өлкө президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Эмомали Рахмондун тапшырмасы боюнча дос жана бир тууган Иран элине гуманитардык жардам жөнөтүлгөнү маалымдалды.
Тажикстандын гуманитардык жардамы 3610 тонна жүктү түзөт. Анын ичинде 45 тонна дары-дармек, көп көлөмдө санитардык-гигиеналык каражаттар, балдар кийимдери, ар кандай азык-түлүк, тиричилик буюмдары, төшөнчүлөр, чатырлар, курулуш материалдары жана башка керектүү каражаттар бар.
110 чоң жүк ташуучу унаадан турган тажик гуманитардык кербени 18-мартта жолго чыгып, жакын арада Иранга жетери белгиленди.
Израиль жана АКШ 28-февралда Тегеран менен Вашингтондун ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына карабастан, Иранга каршы аскердик операция баштаган.
Жооп иретинде Иран Израилдеги буталарга, ошондой эле аймактагы бир катар өлкөлөрдөгү АКШ объектилерине — Катар, Бириккен Араб Эмираты жана Бахрейнгн сокку урган.
АКШ жана Израилдин чабуулдарынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи жана бир катар жогорку кызмат адамдары каза болду.
Иран бийлигинин маалыматына ылайык, бул чабуулдардын натыйжасында каза болгондордун саны 1348 адамдан ашып, жаракат алгандардын саны 17 миңге жеткен.