www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 5-9-майда Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган.

Буга чейин тараптар Лейлек районундагы № 43 тилкеден № 61 тилкеге чейин жана Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагындагы № 135 тилкеден № 141 тилкеге чейин тактап, чек ара сызыктарын кайра чийип чыгуу боюнча макулдашкан эле. Кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо, демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен билдирүүсүдө топографиялык жумушчу топтор долбоордогу линиянын чегин 5-9-майда чийип чыгышары айтылган.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан иш мурда айтылган мөөнөттө аягына чыкпай калганын билдиришти.

«Эки тилке боюнча иш аягына чыга элек. Алдын ала айтсак, 17-майда эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары кеңешмеге чогулат. Ага чейин топографиялык иштерди жүргүзгөн жумушчу топ дагы бир отурум өткөрөт. Тилкелер тактала элек», — деп билдиришти Кыргызстандын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан.

Буга чейин айрым ЖМКлар эки тилке такталганын жазып чыгышкан.

Кийинки жолугушуунун Тажикстандын аймагында болору кабарланды.

Маалымат кызматы Оштогу жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости