www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик бийлиги бир ооган аялын жана аны үй-бүлө мүчөлөрүн талибдерге өткөрүп бергени кабарланды.

Ысымы жашыруун калышын каалаган аял 2-декабрда "Азаттыктын" ооган кызматына үй-бүлөсү менен ноябрдын башында Ишкашим аркылуу Тажикстанга кирип, бир жумадан соң Ооганстанга кайтарылганын айтып берген.

Коопсуздук чараларына байланыштуу анын аты-жөнү ачык жарыяланган эмес. Ал Тажикстанга качкын катары өтүп келип, жергиликтүү милиция бөлүмүнө барганын билдирди.

«Тажикстанга үй-бүлөмдөн жети жаш балам жана мурунку бийликте иштеген таякем менен өтүп келген элем. Бир жумадан кийин бизди күч менен чек арага алып барышып, талибдердин чек арачыларына өткөрүп беришти», - деди ал аял.

Тажикстандын бийлиги азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Дүйшөмбү оор экономикалык абалга байланыштуу башпаанек сурагандарды кабыл алууга чамасы жетпей турганын билдирген.

19-ноябрда БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгы ооган качкындарынын Тажикстандан артка кайтарылып жатканына көңүл бурган. Уюмдун билдирүүсүндө, быйыл 11-ноябрда тажик бийлиги 11 эркек кишини, бир топ аялдар менен балдарды Ооганстанга “күч менен кайтарган”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости