www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Барки Точик" холдингинин башчысы ооган банктарына салынган санкциялардан улам Тажикстан Ооганстанга саткан электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү толук түрдө ала албай жатканын билдирди.
Ооганстанга сатылган электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү алуу маселеси Кабулда бийликти талибдер басып алгандан кийин жаралган. Тажикстандын энергохолдинги менен Ооганстандагы "Брешна" энергетикалык компаниясы бул маселени дээрлик бир жылдан бери чече албай келишет.
1-августта "Барки Точик" компаниясынын башчысы Махмадумар Асозода 2022-жылдын алгачкы алты айында Тажикстан Ооганстанга 734 миллион кВт/саат электр энергиясын экспорттогонун билдирди. Анын айтымында, Ооганстанга электр энергиясы негизинен май айынан сентябрга чейин жеткирилет.
"Ошол эле маалда аймактагы жана дүйнөдөгү геосаясий абалга байланыштуу айрым банктарга санкциялар киргизилген шартта "Брешна" компаниясынан "Барки Точикке" акча которуу оор болуп калды. Азыр "Брешнанын" кызматкерлери бул маселенин үстүнөн иштеп жатышат. Электр энергиясы үчүн компаниянын карызы 28 миллион долларды түзөт. Июлда 2 миллион доллар алганбыз", – деди Асозода.
Быйыл май айында талибдердин өкмөтүндөгү Энергетика министрлиги электр энергиясы үчүн Тажикстан менен Өзбекстанга 100 миллион доллардан ашык карыз экенин билдирген. Анда мекеменин өкүлү Ахтар Мухаммад Нусрат ооган тарап карызды төлөөгө даяр экенин, бирок Тажикстан менен Өзбекстанда чет өлкөдөн акча которууда маселелер болуп жатканын айткан. Азыр болсо "Барки Точиктин" башчысы тескерисинче, ооган банктарында маселе бар экенин билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg