www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырааттуу аба байланышы жанданганга чейин чартердик каттамдар жүзөгө ашырыла берет. Бул тууралуу 5-октябрда Тажикстандын Орусиядагы элчиси Имомуддин Саттори билдирди. Бул тууралуу  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” билдирди.

Дипломаттын айтымында, ушул тапта күн сайын беш жолу чартердик каттам ишке ашууда.

Тажикстан Орусияга авиабайланышты жанданырууга даяр экенин 22-июлда эле билдирген.

Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдары мартта коронавирус коркунучунан улам токтотулган. Соңку учурда Орусиядагы тажикстандыктар мекенине чартердик каттамдар менен гана келишүүдө.

Орусия 21-сентябрда Беларус, Казакстан жана Кыргызстан менен аба байланышын жандандырган.

Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча күн сайын чартердик каттамдар менен 900дөн ашуун тажикстандык үйүнө кайтууда. Пандемия башталгандан бери Орусиядан жалпысынан 50 миңден ашуун жаран мекенине жеткирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости