www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Файзали Идизода Марлен Маматалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады.
Жолдогон телеграммасында Файзали Идизода: “Сизге көрсөтүлгөн ишеним жогорку кесипкөйлүгүңүздүн, бай саясий тажрыйбаңыздын жана Кыргыз Республикасынын парламентаризмин өнүктүрүүгө, демократиялык институттарын чыңдоого кошкон олуттуу салымыңыздын ачык-айкын далили болуп саналат” – деп жазган.
Ошондой эле Төрага Марлен Маматалиевге ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалаган Файзали Идизода кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү тилей тургандыгын билдирген.