www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын өкмөтү тышкы соодада АКШ долларын болушунча азыраак колдонууну жана айрым товарларды орус рублу жана кытай юаны менен импорттоону көздөп жатат.

Мындай тескемелер камтылган өкмөттүн антикризистик программасы менен "Азаттыктын" тажик кызматы таанышып чыкты.

Орусия Украинага кол салгандан кийин иштелип чыккан бул программада эл керектөөчү товарларды, анын ичинде буудай, күйүүчү май, өсүмдүк майы, курулуш материалдарын жана чийки заттарды Тажикстанга алып келген импортёрлор бардык келишимдерин АКШ долларынан Орусиянын рублине же Кытайдын юанына которушу керек экени жазылган.

Бардык министрликтерге жана мекемелерге "Улуттук экономикага болжолдуу коркунучтардын таасирин алдын алуу боюнча иш-аракеттердин планы" деп аталган бул программаны аткаруу тапшырмасы берилген.

Тажикстан негизги товарларынын көбүн Орусия менен Кытайдан импорттойт. Орусиянын армиясы Украинага басып киргенден кийинки бир нече аптада орус рублинин долларга болгон курсу, аны менен кошо тажик сомонисинин куну төмөндөп кеткен.

"Озоди" радиосу жазгандай, тажик өкмөтү Сангтуда-1 ГЭСинен электр энергиясын сатып алуу боюнча Орусия менен макулдашууну да кайра карап чыгуу чечимин кабыл алды. Бул суу электр станциясын Орусия курган. Дүйшөмбү ГЭСтен чыккан электр энергиясын орус тараптан доллар менен сатып алат. Адистер доллардын курсунун көтөрүлүшүнө байланыштуу Тажикстандын ГЭСке байланыштуу Орусияга карызы көбөйгөнүн айтып келет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости