www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Матчин районундагы чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн 22 жаштагы жоокер Абубакр Хусейнзода түшүнүксүз жагдайларда каза болду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, маркумдун сөөгүн жакындарына өткөрүп берген аскердик бөлүктүн өкүлдөрү ал 4-августта коридордо баратып "эс-учун жоготуп жыгылып, каза болуп калганын" айтышкан. Бирок Хусейнзоданын туугандары анын желкесинде "катуу соккунун изи болгонун" билдирип жатышат.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин 5-августта жоокердин сөөгү өзү туулуп-өскөн Согд облусундагы айылга жерге берилди.

Жакындарынын айтымында, Абубакрдын артында жубайы жана бир баласы калды. Ал быйыл жазында Хоженттеги Экономика жана соода институтун аяктагандан кийин өз каалоосу менен армияга кеткен.

Маркум жоокердин атасы Мурод Хусейнов уулу акыркы апталарда бир нече жолу аны башка аскердик бөлүккө которууга жардамдашууну өтүнгөнүн билдирди. "Акыркы жумаларда бир нече жолу башка аскердик бөлүккө которууга жардам берүүмдү суранган. 4-августта аскердик бөлүктүн жетекчиси Абубакрга жолугуу үчүн барган агасына ал ооруканада экенин айткан. Көп өтпөй уулум каза болгонун билдиришти", – деди ал.

Бул окуя боюнча Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрү комментарий бере элек.

6-августта жоокердин өлүмү боюнча өлкөнүн Аскердик прокуратурасы тергөө иштерин баштаганы кабарланды.

Хусейнзоданын жакындары бүгүнкү күнгө карата аны менен кызмат өтөгөн эки жоокер кармалганын билдиришти. Алар иш боюнча мындан башка маалыматтары жок экенин айтышты.

Тажик өкмөтүнүн БУУнун Адам укуктары комитетине жөнөткөн баяндамасында 2019-2021-жылдары өлкөдө 100дөн ашуун жоокер армиядагы "чоңсунуудан" улам каза тапканы айтылган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы жакында жарыялаган баяндамада акыркы үч жылдын ичинде өлкөдө аскер бөлүктөрүндөгү кылмыштарды жашырган 639 кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартылганы жазылган.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости