www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда 50дөн ашык төлгөчү жана көзү ачык кармалды

Тажикстанда төлгөчү жана көзү ачык деп айыпталган 50дөн ашык киши кармалды. Бул тууралуу 21-майда «Азия Плюс» басылмасы өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, рейд Согд облусунун Гафур районунда жүргөн.

Милиция билдиргендей, кармалгандар акча табуу максатында район тургундарына жана коңшу аймактан келгендерге ар кандай шылуундук менен өз кызматтарын көрсөтүп келишкен. Кармалгандардын көбүнө протокол түзүлүп, бирине кылмыш иши козголгону маалым болду.

Төлгөчүлүк жана көзү ачыктыкка тыюу салган берене Тажикстандын Кылмыш кодексине өткөн жумада кошулду. Мурда мындай ишмердүүлүк менен алектенгендер административдик жазага гана тартылчу.Жаңы чараларга ылайык, административдик жоопкерчиликке тартылгандан кийин да көзү ачыктык кылып, төлгөчүлүк жана бүбү-бакшылык менен алектенүүсүн уланткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Быйыл апрелде Кыргызстанда да парламент депутаттары көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салууну сунуштаган.

Эл өкүлдөрү «Жарнама жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү керектигин айтышкан. Алардын бири — Марлен Маматалиев мындай кызмат көрсөтүүлөр кыргыз коому үчүн жат көрүнүш экенин, алар социалдык тармак, радио, телеберүү жана тышкы көрнөк-жарнак, билборд аркылуу жарнамаланбашы керектигин белгилеген.

Депутат бүбү-бакшы жана табыптарга алданып калган жарандардан келген көптөгөн каттарды мисал келтирген.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости