www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Жогорку соту Ички иштер министрлигинин (ИИМ) подполковниги Акмал Юсуфзоданы 19 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Сот Юсуфзоданы жана анын тууганы Исмоилжон Шүкүровду Коммерциялык институттун окутуучусу Исмоил Рахмоновдун өлүмүнө айыптуу деп тапты. Соттун өкүмү менен Юсуфзода 19, Шүкүров 12 жылга эркинен ажыратылды.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын Анализ, пландоо жана эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Акмал Юсуфзода адам уурдоого жана өлтүрүүгө шек саналып 2023-жылдын июнь айында кармалган.

Бул окуя коомчулукта, социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, окутуучунун өлүмүнө кызганыч себеп болгон: Акмал Юсуфзода аялы менен Исмоил Рахмоновдун "Фейсбуктагы" жазышууларын көрүп калган. Анын аялы Коммерциялык институтта англис тилинен сабак берип, Рахмоновдун кесиптеши болгон.

Бирок окутуучунун жакындары анын Юсуфзоданын аялы менен жумуштан башка эч кандай байланышы болбогонун билдиришкен. 

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Акмал Юсуфзода 2023-жылы июнь айында шериги Исмоилжон Шүкүров менен бирге Исмоил Рахмоновдон өч алуу үчүн аны автоунаага салып барып, колу-бутун байлап, дарыяга ыргытып жиберген. Бүгүнкү күнгө чейин окутуучунун сөөгү табыла элек.

Последние новости