www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү тажикстандык блогер Жунайдулло Худоёровдун апасына бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 65 жаштагы Мавжигүл Гарибова Рашт районундагы Яшм айлында жергиликтүү тургунду таш менен башка чабууга айыпталууда.

Аялдын күнөөсү аныкталса, 5тен 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эки апта мурун бейбаштык беренеси менен анын уулу, блогер Жунайдулло Худоёровго да кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучу Алишер Насриддинов Мавжигүл Гарибованын небереси - 21 жаштагы Алиризо Худоёровду өлтүрүүгө шектелген кишинин жакын тууганы. Алиризо 11-июлда айылда чыккан жаңжал учурунда бычактан алган жаракатынан көз жумган.

2018-жылы Жунайдулло Худоёровдун агасы, Тажикстандын Социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Фарход Худоёров район акимчилигинин кызматкерине акарат келтиргени үчүн 15 суткага камалган.

Жунайдулло жана анын агасы Фарход Худоёров жергиликтүү чиновниктердин коррупциялык иштерин дайыма сынга алып келгендиктен куугунтукка кабылып жатышканын айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости