www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун Берлиндеги сапары учурунда акция уюштурган оппозициячылардын жакындарын жапырт кармоо уланууда.

Оппозициячыл активист Шохражаб Шохиминин үй-бүлө мүчөлөрү Пенжикент райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди.

"Мен Тажикстан бийлигинен, УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин Пенжикенттеги жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен сурайын дегеним: менин ата-энемдин күнөөсү эмне? Эжелерим кандай кылмыш кылышты? Эмне үчүн аларды камап жатышат? "Менин туугандарым үч күндөн бери Пенжикенттин тергөө абагында отурушат", - деди ал 2-октябрда "Озоди" радиосуна.

Буга чейин тажик оппозициясынын Европадагы башка өкүлдөрү да туугандары суракка алынып жатканын кабарлашкан. Тажикстанда тыюу салынган “Группа 24түн” ырастоосунда, коопсуздук күчтөрү топтун мүчөсү Дилшод Шарифовдун атасын жана дагы алты тууганын, ошондой эле Бехруз Тагойзода, Мухаммадсобири Абдукаххор, Хусейн Ашуров, Убайдулло Саиди жана башкалардын жакындарын кармаган, алардын айрымдары сурактан кийин бошотулган.

Оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирген Тажикстандын Улуттук альянсы бийликтин бул аракетин “эл аралык кылмыш жана адам уурдоо” деп атады.

29-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Берлинге сапары учурунда тажик оппозициясынын өкүлдөрү нааразылык акциясын өткөрүп, Рахмондун режимине каршы ураандарды кыйкырып, анын автоунаасына жумурткаларды ыргытышкан. Эртеси алар Тажикстанда калган туугандары кармалып, куугунтуктала баштаганын билдиришкен.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости