www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жана даректүү жөлөкпул катары 219 миллион сомони бөлүнөт. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 65 миллион сомониге көп.

Өлкөнүн каржы министри Файзиддин Каххорзоданын айтымында, мындай жардамды 300 миңге жакын муктаж үй-бүлө алат.

"2022-жылы социалдык жөлөкпулга болгону 116 миллион сомони жумшасак, 2023-жылы бул көрсөткүч 154,3 миллион сомонини түздү. Быйыл 219 миллион сомони бөлүнөт. Бул тажик өкмөтү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кандай камкордук көрүп жатканын көрсөтүүдө", – деди министр.

Тажикстанда быйыл 1-июлдан тарта бюджетте иштеген кызматкерлердин маяналары, студенттердин стипендиясы 40%, ошондой эле камсыздандыруу, эмгек жана социалдык пенсиялар 30% жогорулай турганы кабарланган. Бул күндөн тарта өлкөдөгү минималдык айлык акы өлчөмү 800 сомониге жетип калат. Учурда бул көрсөткүч 600 сомонини түзөт.

Аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Тажикстанда айлык акылар менен пенсия төмөн болуп эсептелет. Эксперттер бул мамлекеттик органдардагы жемкорлуктун жана адистердин чет өлкөлөргө кетүүсүнүн себептеринин бири экенин айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости