www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанга өтүп кеткен Кыргыз жаранынын малы кайтарып берилди

Өзбекстанга өтүп кеткен Кыргыз жаранынын майда мүйүздүү мал-жандыгы кайтарып берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

"Кечээ, 4-мартта Ала-Бука районундагы Жаңы-Шаар айылынын И.М. аттуу тургуну жайыт учурунда Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен майда мүйүздүү малын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада 65 баш майда мал Кыргыз жаранына кайтарылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Малдын ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ага Мамлекеттик чек арага жакын жерде мал жаюунун жол-жобосу боюнча талаптар айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости