www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү ири телекоммуникациялык компания эсептелген Google Тажикстандык Салык комитетинде каттоодон өтүп, эми өлкө жарандарына көрсөтүп жаткан акы төлөнүүчү кызматтары үчүн салык төлөй баштайт.

Буга чейин Тажикстанда колдонуучусу көп Facebook социалдык түйүнү да өлкөдө салык төлөөчү катары каттоодон өткөн.

Өткөн жылдын соңунда Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Тажикстандын жарандарына акы төлөнүүчү интернет-кызматтарын көрсөткөн компаниялар 18 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөшү керек.

Бул мыйзамдын нормалары 2020-жылдын 17-декабрында кабыл алынып, быйыл январдын ортосунда күчүнө кирген. Жакындан бери чет өлкөлүк компанияларга Салык комитетинин расмий сайты аркылуу онлайн катталууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Google менен Facebook’тан тышкары буга чейин Тажикстандын Салык комитетинде Doodle inc, Novatech IT ltd жана Xsolla компаниялары да салык төлөөчү катары каттоодон өткөн.

Аталган компаниялар Тажикстанда төлөшү керек болгон кошумча нарк салыгы учурда 18% түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости