Тажикстанда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 9 миңден ашты
Дүйнө жүзүндө  |   |  174

Акыркы бир сутка ичинде коңшу Тажикстанда 41 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүү таратты.

Билдирүүгө ылайык, 110 адам коронавируска шектелүүдө. Ал эми 43 адам айыгып чыкса, бир бейтап каза болгон.

Муну менен аталган өлкөдө коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 9 миң 129 адамга жетти. Анын ичинен 7 миң 896 бейтап айыгып чыкса, 73 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями