www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда COVID-19 коронавирусун жугузган кишилердин саны 230га жетти. Бул тууралуу Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигине таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада өлкөдө 102 киши вирус жуктуруп алган. Жалпысынан үч киши көз жумду.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги Душанбеде 110, Согди облусунда 70, республикага түз караган райондордо 22, Хатлон облусунда 21, Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда 7 киши илдетке кабылган.

Учурда 3208 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө, 244 адамдан анализ алынып, үйлөрүнө жиберилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости