www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Согди облусунун Ашт районунда кубаттуулугу 250 МВт болгон күн электр станциясы ишке кирди. Аны 21-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жумушчу сапарынын алкагында расмий пайдаланууга берди.

Станция Шайдон шаарчасында жайгашып, анын курулушу 2025-жылдын ноябрь айында башталган.

Долбоорду «Аён энерджи» компаниясы ишке ашырган. Электр станциясы 793 гектар аянтты ээлейт.

Станцияны өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык системасына кошуу үчүн «Ашт» көмөкчордонуна чейин чыңалуусу 220 кВ болгон, узундугу 9,8 чакырымды түзгөн эки чынжырлуу аба электр берүү линиясы курулган.

Тажикстандын бийлигинин маалыматына караганда, станциянын ишке кириши менен Согди облусунда электр энергиясын өндүрүү боюнча кубаттуулуктар 61%га көбөйдү.

Жаңы станция облусунун электр энергиясына болгон керектөөсүнүн болжол менен 40%ын камсыздайт деп күтүлүүдө.

Ошондой эле электр энергиясын Согди облусунун өзүндө өндүрүү анын түштүктөн аймакка жеткирилишиндеги жоготууларды азайтууга мүмкүндүк берет.

Эмомали Рахмон 2027-жылы Согди облусунда жалпы кубаттуулугу 700 МВт болгон кошумча фотоэлектр станцияларын куруу жана ишке киргизүү боюнча тапшырма берди.

Последние новости