www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстанда сулуулук салондорунда иштеген айрым адистер ВИЧке тест тапшырып, тиешелүү медициналык маалымкат алышы керек.
Бул талап президент Эмомали Рахмон кол койгон токтом менен бекитилгенин чет элдик басылмалар жазышты.
Жаңы тартип маникюр жана педикюр чеберлерине, каш оңдоочу, бет жана дене тазалоочу адистерге, ошондой эле татуаж жана пирсинг кызматын көрсөткөндөргө тиешелүү.
Мындан тышкары, өлкөдө никеге тургандар үчүн да ВИЧке тест тапшыруу милдеттүү болуп калды. Мамлекеттик медициналык мекемелерде жаш жубайларга анализ акысыз жүргүзүлөт.
Ошондой эле ВИЧке тесттин жыйынтыгы боюнча маалымкат берүү мөөнөтү 10 жумуш күнүнөн 5 күнгө чейин кыскартылды.