www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрелдин башында Тажикстандын бийлиги блогерлер жана мамлекеттик ЖМКлардын журналисттери үчүн Нурек ГЭСине пресс-тур уюштуруп, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуудагы мүчүлүштүктөр суу сактагычтагы суунун азайганына байланыштуу экенин билдирди.

Ал арада өлкө жашоочулары пресс-турдан кийин энергочектөөлөр мурдагыдан да күчөгөнүн айтып жатышат. "Озоди" радиосунун журналисттери Душанбе шаарына жакын жайгашкан Рудаки районунун тургундарынан бул боюнча сурамжылоо жүргүзгөн:

"Кечээ электр энергиясы таптакыр эле берилген жок. Орозодо муздак тамак жегенге аргасыз болуп жатабыз, ал эмес ысык чай да жок болууда. Газ сатып келүүгө туура келди".

"Жарык жок, шам жагып, фонариктерди колдонуп жатабыз. Башка эмне кылмак элек? Мындай жашоо оор болуп жатат".

"Жарык бир саатка, максимум эки саатка гана берилүүдө".

"Бизде эки күндөн бери жарык жок. Бир саат, жарым саат күйгүзүп эле кайра өчүрүп коюп жатышат. Электр энергиясы жок болгондуктан суу да токтоп калууда. Телефондорубузду толук кубаттандыра албай жатабыз. Бүгүн эртең менен ооз бекитпей калдым".

"Жарыкты суткасына 3-4 саатка гана берип жатышат".

"Ишканаларда да электр энергиясы жок, 1-2 саатка гана берилип жатат. Орозо айын кыйынчылык менен аяктап жатабыз. Электр энергиясыз тамак жасап, чай кайната албайсың да".

Тажикстанда калкы электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу – акыркы 30 жылдан бери негизги көйгөй бойдон калууда. Бул аралыкта жаңы электр станциялар менен ЖЭБдер курулганына карабастан, маселе чечилген жок.

Бийлик электр энергиясынын тартыштыгын түрдүү себептер менен түшүндүрүп келет. Алардын арасында жаан-чачындын аздыгынан улам суу сактагычтардагы суунун аз болуп жатышы, жабдуулардын оңдолушу, энерготармактагы авариялар, ошондой эле экономиканын өсүшү жана калктын көбөйүшү менен суроо-талаптын жогорулашы сыяктуу себептер бар. Бирок тургундардын көбү электр энергиясынын тартыштыгына анын коңшу Ооганстанга сатылып жатканы себеп болуп жатат деп эсептешет.

Последние новости