www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда 2026-жылдын биринчи жарымында безгек оорусунун 7 учуру катталды.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирген.

Маалыматка ылайык, былтыр ушул мезгилде безгек боюнча бир да учур катталган эмес. Ведомство бардык учурлар сырттан келгенин белгиледи.

Ооругандардын алтоо чет өлкөлүк жарандар болсо, бирөө Тажикстандын жараны. Алардын баары Африка өлкөлөрүнөн жана Ооганстандан келген.

Мындан тышкары, өлкөдө лейшманиоз оорусу да көбөйгөн.

Өткөн жылдын биринчи жарымында 28 учур катталса, быйыл бул көрсөткүч 38ге жеткен.

Ошондой эле курч вирустук гепатит С жана менингит учурлары бирден көбөйгөн.

Өнөкөт вирустук гепатиттер боюнча да өсүш байкалган: гепатит В — 26 учурга, гепатит С — 30 учурга көбөйгөн.

Последние новости