www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткенде душмандын огунан каза тапкан куткаруучунун сүрөтүн жарыялады.

Ал Баткен шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган лейтенант Ысманов Айбек Абдималикович болгон. Маркум 2010-жылдан бери КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча.. башкармалыгында кызмат өтөп, Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан.

"2022-жылдын 16-сентябрында кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты. Артында 3 уулу, жубайы калды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткенде ӨКМдин кызматкери өз милдетин аткарып жаткан учурда мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости