www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Рушан районунда сегиз киши набыт болду, 11 киши жараат алды жана 70тен ашууну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Ички иштер министрлиги кабарлады.

Министрлик каза тапкандарды "куралчан топтун мүчөлөрү" деп атады.

“Бир сыйра эскертүү берилгенине карабай кылмыштуу топтун мүчөлөрү куралдарын ыктыярдуу түрдө ташташкан жок жана конституциялык түзүлүшкө каршы жүрүштөрүн улантып жатышты. Соңунда алар террордук мүнөздөгү аракеттерге өтүштү. Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдары антитеррордук операция баштады. Анын натыйжасында террордук топтун 8 жоочусу жок кылынды, 11 жарадар болуп, 70и кармалды. Жабыркагандар арасында жергиликтүү тургундар жок экенин белгилейбиз”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Бийлик бир офицер окко учканын, 13 аскер жараат алганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости