www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-сентябрь саат 08:00гө карата Баткен облусуна жалпы 506 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 116 тонна КР ӨКМ тарабынан, ал эми 301 тонна жарандардын өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат. Кыргызстандын бардык аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Белгиленгендей, республиканын бардык аймактарында гумжардам чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

- Ош облусунда – 44;

- Жалал-Абад облусунда– 12;

- Нарын облусунда – 6;

- Ысык-Көл облусунда – 69;

- Талас облусунда – 43;

- Чүй облусунда – 12;

- Ош шаарында –1;

- Бишкек шаарында – 1.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости