www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан шейит кеткен дагы бир аскер кызматкери, улук лейтенант Апсамат Жекшенбеков жерге берилди. Бул тууралуу "Кабарга" анын жакындары билдиришти.
"Апсамат Жекшенбеков 16-сентябрда Маргун айылындагы жаңжалда ок тийип каза болгон. Ал 1998-жылдын 2-майында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. 2020-жылы Аскердик институтун бүтүргөн. Ушул жылдын октябрь айында өргүүгө чыгып, Баткенден келмек. Эки ай мурда эле улук лейтенант наамын алган болчу. Баткенди көзүмдүн карегиндей сактайм дечү", - деди Жекшенбековдун тууганы.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 36га жетти, дагы 129 киши жабыркады.
Булак: NazarNews.kg