www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Башкы прокуратурасы 29-апрель күнү Кыргызстандын 200дөй жараны жана аскер кызматкерлери тарабынан Исфара шаарынын Чоркух жамаатына кол салуу болгон деген факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы Тажикстандын Башкы прокуратурасынын пресс-борборуна шилтеме берүү менен жазды.

«Тажикстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 104-беренеси (Адам өлтүрүү) жана 395-беренеси (Агрессивдүү согуш) менен кылмыш иши козголду.

Куралдуу кол салуунун кесепетинен Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзода жаракат алып, Тажикстандын жарандары каза болду», - деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, андан кийин жаңжалга Кыргызстандын жоокерлери, офицерлери жана жарандары тартылып, курал-жарак жана аскер техникалары пайдаланылган.

«Үйлөр, ар кандай багыттагы объекттер бузулган. Тажикстандын Башкы прокуратурасы муну менен кыргыз тарап БУУнун уставын бузганын маалымдайт», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 29-апрелдеги Баткен облусундагы кагышуулар боюнча кылмыш ишин козгогон. Кыргыз тарап Кыргызстан менен Тажикстандын 2004-жылы 26-майда кабыл алынган келишими бузулганын билдирген. Кылмыш иши Кыргызстандын Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен козголгон. Сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү милдети УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен түзүлгөн тергөө тобуна жүктөлгөн.

Ошондой Ички иштер министрлиги чек арадагы окуялар боюнча 11 кылмыш ишин козгогонун билдирген. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаевдин айтымында, «Адам өлтүрүү», «Массалык баш аламандык», «Тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар», «Бейбаштык», «Чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча иш козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости