www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандагы Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун жашоочулары Кыргызстандагы ЖМКларга кайрылып, тажик бийлигинин кысымы менен кордуктары ачык күчөгөнү тууралуу айтышты.

“Биз, Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун (ТБАО) жана өлкөдөн сыртта жүргөн жашоочулары, кичи мекенибизде укук коргоо органдарынын өзүм билемдигине, Хорогдогу кырдаал курчуп баратканына дагы бир жолу күбө болдук”,-деп айтылат кайрылууда.

Бул кайрылууга 25-ноябрдагы бир канча адам өмүрүн алган кандуу окуя түрткү болгон. Тактап айтканда, Тажикстандын Хорог шаарындагы тополоңдо үч адам набыт кетип, онго жакын демонстрант ар кандай деңгээлде жараат алган. Бул маалыматты “Озоди” сайты өздүк булактарына таянып жазган.

Бул тополоңго күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы жүргүзүлгөн деген иш-чарасынын натыйжасында, аталган облустун Шохдара айылынын тургуну Гулбидин Зиёбеков өлтүрүлгөнү себеп болгон. Мындан улам ондогон адамдар нааразылык билдирип митингге чыккан. Алар маркумдун сөөгүн Тоолуу Бадахшан автоном облусунун администрациясынын имаратына алып келип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну бийликтен талап кылган. Ошондой эле Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдында нааразылык билдирген жүздөгөн адамдар чогулган.

“Спутник Тажикстан” агенттиги өлкөнүн УКМКсынын маалыматтарына таянып, тараптардын кагылышуусунан жабыркагандар арасында коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери бар экенин жазды. Алардын ичинде үчөө УКМКнын, бири милиция жана бири прокуратура кызматкерлери экени айтылды.

Нааразы болгон жергиликтүү эл менен бийликтин кандай сүйлөшүү болгону тууралуу маалымат жок.

Эске салсак, 2012-жылдан бери ТБАОнун аймагы туруктуу чыңалуунун очогуна айланган. 2012-жылдын июль айында Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын жүрүшүндө, 23 жайкын тургун набыт болгон. Бириккен Улуттар Уюмунун комитетинин сунуштарына карабастан, республика бийлиги тарабынан окуяларды иликтөө иштери ушул убакка чейин жүргүзүлгөн эмес.

Ошондой эле, 2014-жылдын май айында Хорог шаарынын борборунда тажик күч түзүмдөрү автоунааны аткылап, анын кесепетинен эки жаран каза болуп, төртөө оор жаракат алган.

2020-жылдын май айында Рушан районунда кылмышкерди кармоо учурунда күч кызматкерлеринин орой мамилеси да эл менен жаңжалга алып келип, анын кесепетинен карапайым тургундар оор жаракат алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости