www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30 жылдан бери бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлер болобу, партиялар болобу, аларды көп шайлоочулар жергиликтүү гана маселени чечип берчү күч катары көрүшөт. Бул өзү совет мезгилинде "шайлоочунун наказы" деген ат менен белгилүү чакан эле принцип эле. Кийин таптакыр эле баарынын ордун басып алды. Буга чейинки шайлоолордо аты чыккан эле партиялар уялбай-этпей эле короолорду сырдап, асфальт төшөп, көпүрө салуу аркылуу элдин көңүлүн алууга аракет кылганын көрдүк. Көпүрө салып, асфальт төшөп берип жаткан партия деген абсурд Кыргызстанда гана бар. Киши укпасын десек ошонусу менен мактанып атышат.

Азыр деле элге жардам бергендер же бермекчи болгондор Жогорку Кеңешке бараткан чагы. Ошолордун бир топтору шайланаары да чын. Эл да "биздин айылга (районго, округга) эмне кылып коюптур" деп дагы эле ошону негизги чен-өлчөм кылып жатат. Бул эң чоң жаңылыштык.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости