www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Свердлов бир мандаттуу округунан депутаттыкка аттанган Таалайбек Дайырбековдун ишенимдүү адамы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын (Шайлоочуларды сатып алуу) белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, шайлоочуларга акча бөлүштүрүп жаткан жеринен П.А.Д. аттуу жаран кармалды.

Такталгандай, П.А.Д. «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамын бузуп, депутаттыкка талапкердин штабынын бейрасмий кызматкери болуп туруп, айрым жарандарды мыйзамсыз үгүт иштерине тартып, шайлоочуларды сатып алуу иштерин жүргүзгөндүгү аныкталды. Ал кечээ, 26-ноябрда кармалды.

Ошол эле учурда, штаб катары пайдаланган жайларга тинтүү учурунда шайлоочулардын даректери бар тизмелер жана ири суммадагы акча табылган.

Азыркы учурда жогорудагы фактыларды документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуу процессине катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК депутаттыкка талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, колдонуудагы мыйзамдардын чегинде катуу чара көрүлөрүн эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости